Ильхан Омар: Америкада 11 миллион бала ачкачылыкка туш болуу алдында турат

АКШнын демократтар партиясынын өкүлү Ильхан Омар Америкада 11 миллион бала ачкачылыкка туш болуу алдында турат деп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Ильхан Омар өз билдирүүсүндө америкалык балдардын начар шарттарын сынга алып, Америкада көптөгөн студенттер акчанын жоктугунан улам ачка калып жатканын билдирди.

Жакында эле АКШнын Турак үй куруу жана шаарды өнүктүрүү министрлиги билдирүү жасап, АКШнын ар кайсы штаттарында миңдеген үй-бүлөлөр экономикалык абалдын начар болуусунан улам турак жайларынан ажырап, өтө жаман шарттарда жашашарын билдирген.

Комментарий жиберүү