Индия Өзбекстанда буддалык храм тургузат

Индиянын элчиси Ташкенттин жетекчисинен буддалык храм тургузууга атайын жер бөлүп берүүсүн өтүндү.

CentralAsia (UZ): Индиянын Өзбекстандагы элчиси Сантош Жа Ташкентте Махатма Гандинин эстелигин тургузууга жардам берүү менен бирге борбор калаада буддалык храм курууга атайын жер бөлүп берүүсүн өтүндү.

Белгилей кетсек, мындай сунуш 12-февралда индиялык элчинин Ташкенттин жетекчиси Жахангир Артихожаев менен болгон жолугушуусунда берилген.

Белгилей кетсек, Ташкент шаардык администрациясынын пресс-кызматы Артихожаев индиялык элчинин сунушун кабыл алып, бул маселенин чечилүүсү үчүн колунан келген бардык аракеттерин жасаарын билдиргенин жарыялаган.

Эске салсак, Сантош Жа бул жолугушууда Өзбекстанга карай туристтердин агымын жакшыртуу боюнча өзүнүн бир канча сунуштарын, алардын ичинде эки өлкөнүн аба каттамдарын тездетүү, индиялык ресторандарды ачууу жана башка кеңештерин берген.
 Жолугушуунун аягында эки тарап мындан ары да диалог жүргүзүүгө жана кызматташууга макулдашышты.

Комментарий жиберүү