Тегеран Сириянын террорчуларга каршы күрөшүүсүн колдойт

Ислам кеңеши жыйынынын төрагасы Тегеран Дамасктын террорчуларга каршы күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүүсүн уланта берээрин билдирди.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам кеңешинин төрагасы Али Ларижани Дамаскка болгон сапарында президент Башар Асад менен жолугушту. Сириянын президенти бул жолугушууда өлкөдөгү террордук топторду колдогон өлкөлөргө ишаара кылып, аларды сириялыктардын душманы атады.

“Дамаск мындай абал улана берүүсүнө жол бербейт. Эл кооптуу абалда жашашат: сириялыктар өлкөнүн бардык аймактарын террорчулардан биротоло тазалоого алпурушууда”,- деди Башар Асад.
Ал эми Ислам кеңешинин төрагасы Идлибдеги террорчуларга каршы операциялардын маанилүүлүгүн эске салып, өз өлкөсү мурдагыдай эле Дамаск өкмөтүнө террорчуларга каршы күрөшүүсүндө өз колдоолорун улантарын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Али Ларижани Дамаскта өлкөнүн президентинен тышкары  премьер-министр Имад Хамис менен жолугушуп, эки өлкөнүн экономикалык жана  соода алакалары боюнча  кеңешмекчи.

Ислам кеңешинини төрагасы Сириядан кийин Ливанга сапар тартаары белгиленген.

Комментарий жиберүү