Эмне үчүн Өзбекстандын 37 миң студенти өз өлкөсүн таштап кетти?

Өзбекстандан Кыргызстанга келип окуган студенттердин саны 17 миңдин тегерегинде.

Демек, алар Кыргызстандын бюджетине орточо эсеп менен 500 млн. сомдон ашык акча төгүшөт. Ал эми Казакстанда 15 миңден ашуун, Тажикстанда 5 миңдей студент билим алышат. Ошентип Өзбекстандын 37 миң студенти кошуна мамлекеттерге чыгып кеткен. Эмнеге? Мунун себебин алдыда кенен окусаңыз болот.

Өзбекстанда ЖОЖдорго өтүү өтө эле оор, келишимдик акы кымбат жана коррупция күчтүү экени айтылып келет. Мына ушундан улам, студенттер окууга кире албагандыктан, 1-курсту кошуна мамлекеттерден окуп келүү үчүн чыгып кетишкен. Ошол 37 миң студент Кыргызстан, Казакстан, Тажикстанга миллиондогон акчаларды контрак кылып төлөп, жашоосуна коротуп жатышат. Демек, акча Өзбекстандан чыгып кетип жатат. Мындан улам бул каражатты сыртка чыгарбоо, студенттерин кайра кайтарып кетүү максатын көздөп, таң калыштуу буйрук чыгарды.

Өзбекстандын Билим берүү министри Ином Маджидов Борбор Азиядагы 3 мамлекеттин университеттеринде окуп жаткан студенттерин 10 күндүн ичинде кайтып келүүсүн буйруду. Аларга Өзбекстандын 13 университетине кирүүнү сунушташты. Ошол 37 миң студент 10 күндүн ичинде барып калыш керек экен. Бирок ал буйрук медицина адистигинде окугандарга тиешеси жок.

Мындан улам, четтеги стуенттер тополоң түшүп, окугандыгы боюнча университеттеринен аныктама ала башташканда, 10 күндүн ичинде келсин деген буйругун өзгөртүшүп, кийин 1 айга чейин узартышты.

Ошентип, өзбекстандык студенттер тиешелүү документтерин алууга университеттерде узун кезек жаратты. Министр Маджидовдун буйруганда көрсөтүлгөндөй, 3 эле документ керек экен. Ал: арыз, рейтингдик китепче же академиялык маалымкат жана паспорт. Болду. Бирок студенттин жеке делосу да бар. Аны талап кылган жок.

Тажикстан айтып жатат, дүйнөдө бир да университет бир эле академиялык аныктама менен ЖОЖго кабыл албайт деп. Анткен менен Өзбекстан, студенттерин эч кандай сынаксыз кабыл алууга сөз берди.

Бирок Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн мыйзамдары – 1-курсту бүтө элек студентке окуусун башка мамлекетке которуусуна уруксат бербейт. Кыргызстанда да ушул мыйзам бар. Ал ошол Өзбекстанда деле бар. Маселе ушул жерде пайда болду. Мунун айынан студенттер чайналган абалда калышты.

Окуу жылынын жарымында Кыргызстанда окуп жатышкан айрым студенттер окуусунан такыр чыгып, контрагын толук төлөп кете башташты. Ал эми университеттерде башка көйгөй пайда болду: башкача айтканда, окуу жайлардын капчыгына зыяны тиймей болду. Анткени окуу жылынын башында бир жылдык окуу планы түзүлүп, окутуучулардын штаттык бирдиктери такталып, сааты көбөйгөн жана бекитилип калган эле. Мындан аркы жумуш кандай болоору азырынча белгисиз.

Ошентип кошуналардын бул чечими – өздөрүнүн студенттеринин үмүтүн да арсар абалга салып салды. Аны менен картар Жогорку окуу жайларына эле эмес, жөнөкөй өзбекстандык жарандарга да көйгөй жаратты. Анткени Өзбекстандык студенттер 1-курсту бүтүп, ансыз деле өз мекенине барып окууларын улантууну пландап жатышкан.

Бирок айрым маалыматтарга караганда, алар барганда эле өзү окуган адистикке отуруп, окуусун улантат дегенге кепилдик жок. Анткени орун толуп калса, окуй албай калат да, кайра Кыргызстанга келип, ошол эле окуусун кайра уланта алышпайт. Кыскасы, каржылык чыгым эле эмес, тобокелчиликке да барып, убарагерчилик тартышууда.

Казакстан айтып жатат: “Биз, өзбекстандык студенттерди өз өлкөсүндө окуусуна каршы эмеспиз, бирок бизге студенттин кайсы окуу жайга кабыл алынганы тууралуу аныктама беришсин, анан биз алардын документтерин толук беребиз”,-деп. Бул нерсени Кыргызстан деле айтууда.

Өзбекстан бул буйругу менен саясий чоң ката кетирди дешүүдө. Негизи бул – Билим берүү министринин эле жеке ою менен ишке ашып жаткандай көрүнүп жатат. Баягы Каримов убагындагыдай “шап” эттирип эле, бир чечимди чыгарып, кыйшайюсуз аткарылыш керек деп, аны элдин баары Союздагыдай жапатырмак, жан-терин төгө аткарат деген психология жыттанып жатат. Азыркы президенти Мирзиёевдин демилгеси дегенге коошпойт. Анткени ал мындай кадамга барбаса керек эле, ойлонуп кадам таштамак. Эгер президент менен кеңешпей туруп жасалган кадам болсо, жаңы министр жазага татыктуу болот. Бул буйрукка чейин Мирзиёев билим берүү саясатынын катачылыгы боюнча министрин өтө катуу зекигени айтылган. Ошондон кийин ушундай кадамга барса керек…

Ал арада Өзбекстан тараптан министрдин ал буйругу өзгөрүп калышы мүмкүн деген ушак-айың кептер келе баштады. Балким, студенттерин чакырган буйругун кайра чакыртып алышы мүмкүн экен.

Бирок өзбек министринин бул чечимин өзбекстандык айрым студенттер, ата-энелер колдоп да чыгышты. “Өзүбүздө окуган жакшы”, -деп. Ошол эле учурда нааразы болгондор да бар. Албетте, алар өз мамлекетинде окугусу келбегени үчүн эмес, убарагерчилик менен чыгым тартып жатышкандыктарын айтып нааразы болушкандар.

Айтмакчы, чет мамлекеттен билим алгандар ошол диплому менен Өзбекстанда иштеш үчүн бир топ тоскоолдуктарга кабылат. Алар Ташкентке барып, атайын предметтерден сынак тапшырып, дагы бир сыйра билимин өркүндөтөт. Бирок бул – тандалма жүргүзүлүшү да ыктымал.

Ооба, өз элине ким эле болбосун жан тартат. Алар миллиондогон каражаттар сыртка чыгып кетип жатканын ойлоп, кандай кылсак экен деп атып, чак түштөгү чагылгандай чечим чыгарып салышты. Өзү 37 миң студент чыгып кетет деп ойлошпосо керек. Алардын четке чыгып окугандагы контракка төлөгөндөн сырткары, жашоо-турмушуна каражат кетет, батирлерде жашашат, жолкиреси деген бар.

Өзбекстан кошуналарынын университеттерине көйгөй жаратып, алар менен эсептешпей, мыйзамдырын сыйлабай, окуу жылынын ортосунда студенттерин чакыртып атканы – саясий ката дешүүдө. Алардын бул аракетине көптөгөн сындар айтылып жатат.

Бирок Өзбекстан бул кадамы боюнча түшүндүрмө бере элек. Эми келечекте миңдеген студенттерди, млн.догон каражаттарды өздөрүндө алып калуу үчүн дагы кандай кадамга барышы мүмкүн? Балким ЖОЖго өтүүчү баллды төмөндөтөт, коррупцияны азайтууга аракет көрөт же мажбур түрдө четте окууга тыюу салат.

А. Каракозуев.

Комментарий жиберүү