Американын “Кылымдык келишимин” Сауд режими колдойбу?

Сауд режиминин аткаминерлеринин билдирүүлөрү америкалык “Кылымдык келишимди” колдой тургандыгын туюндурат.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд Аравия ТИМнин кеңешчиси Адель аль-Жобейр өткөн аптада  Трамптын “Кылымдык келишиминин” оң жактары бар экенин жана ал боюнча диалог жүргүзүүгө  болоорун билдирген.  Ошондой эле ТИМ жетекчи Фейсал бен Фархан арабдар менен Израилдин мамиле маселелери макулдашуулар аркылуу чечилээрин билдирип, бул ортодо Ирандын аймактык душмандыгын эскерткен.
 Белгилей кетсек, Сауд аравиялык бул эки аткаминердин билдирүүлөрү Батыш Азия өлкөлөрүнүн биринчи душманы болгон сионисттик режим менен мамилелерди жөнгө салууга болгон аракеттерин айгинелейт.
Албетте, Палестинага каршы кезелген “Кылымдык келишим” долбоору айрым араб өлкөлөрүнүн колдоолорун табуудан соң,  кийинки кезекте Дональд Трамптын Батыш Азия аймактарындагы максаттарын жүзөгө ашыруу  маселеси турат. Ал эми Иран америкалык-арабдык- еврейлик “Кылымдык келишим” долбооруна катуу каршы турууда. Ушуга байланыштуу Америка саясий пропагандалары менен аймактагы абалды өз пайдасына өзгөртүүнүн аракетинде. Бул ортодо америкалыктар “Кылымдык келишм” долбоорунун алкагында Иран Ислам Республикасын Израилдин душманы катары көрсөтүүдө. Ал эми сионисттик режимди Батыш Азия өлкөлөрүнүн досу таанытып,  аталган долбоорду жүзөгө ашырууга умтулат. Бул себептен “Кылымдык келишимдин” түпкү максаттары менен жалпыны тааныштыруу зарыл нерселерден болуп саналат.
Иран 70 жылдан бери Палестина маселесин колдоп, палестиналыктардын укуктарын колдоп келе жатканы бардыгына белгилүү. Азыр дагы “Кылымдык келишим” долбоору Америка аркылуу ачыкталган соң,  анын палестиналыктарга каршы максаттары жүзөгө ашырылбоосу үчүн араб, ислам өлкөлөрү менен диалог жүргүзүүгө даярдыгын билдирет.

Иран ТИМнин басма сөз катчысы Аббас Мусави өз өлкөсү башка Ислам өлкөлөрү менен ар кандай кылымдык программаларга каршы күрөшүү боюнча диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирип мындай деген: “Кылымдык келишим” аталган долбоордун артында жашыруун чоң конспирация турат.” Америкалык “Кылым келишими” Палестина географиясынан да кенен  максаттарды камтып, башка араб өлкөлөрүнө да кезелген. Бул жаатта ар бир көңүл коштук мамиле, айрыкча Сауд режимин Трамптын белгилеген жолуна салдырмакчы.

Албетте, Палестинага каршы даярдалган “Кылым келишими” Трамптын кыялдарына жеткирбеси белгилүү. Анткени генерал “Касем Сулейманинин” террордолуусунан соң, Батыш Азия аймактарында эл арасында Америка менен сионисттик режимге каршы туруштук берүүнү жана душмандык сезимдерин күчөткөн.

Комментарий жиберүү