Лавров Трамптын тынчтык планы бир тараптуу жана Израилдин пайдасына чечилгендигин билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган «Кылым келишими» тынчтык планы бир тараптуу жана Израилдин пайдасына экенин билдирди.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип жазды. Лавров италиялык “Стампа” басылмасына берген маегинде АКШнын планы эл аралык мыйзамдарды бузарын жана мындай ыкма адилеттүү чечимге жетүү үчүн жасалган аракеттерге жардам бербейт деп билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп 28-январда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана бир катар араб өлкөлөрүнүн элчилеринин катышуусунда палестина-израилдик чыр-чатакты аягына чыгара турган “Кылым келишими” планын жарыялаган. АКШнын бул планы палестиналыктардын катуу каршылыгына кабылды.

Лавров Америка БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларын камтыган эл аралык мыйзамдарды тоотпой жатканын белгиледи.

Анын айтымында, палестиналыктардын бардык негизги көйгөйлөрү, анын ичинде чегара, конуш, Чыгыш Иерусалим жана качкындар маселелери бир тараптуу Израилдин пайдасына жактырылган. Ал БУУ, Европа Биримдиги жана Орусия чечимге жетишүү үчүн ортомчу катары чыга алат деп билдирди.

Анын айтымында, Орусия Араб Мамлекеттеринин Лигасына мүчө-мамлекеттердин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү зарылчылыгын баса белгилеген позициясын колдойт.

Комментарий жиберүү