НАТО Түркияны Сирияда колдоосуз калтырды

Түндүк Атлантика Келишиминин маалымат каражаты мындан ары бул уюм Түркиянын Идлибдеги  аскердик операциясына колдоо көрсөтүүсүн улантпай тургандыгын кабарлады.  

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, НАТОнун агенттиги Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын уланта турган болсо, бул уюм түрктөргө аскердик колдоосун токтоторун билдирген.

Белгилей кетсек, НАТОнун Брюселде иш алпарган дипломаттарынын бири ТАСС агенттигине берген маегинде мындай деген: НАТОнун мүчө өлкөлөрү уюмдун бешинчи беренесине түрк аскерлеринин Идлиб согушунан набыт кетүүлөрүнө байланыштуу мындан ары колдоо көрсөтпөйт.
Эгерде Түркия бул аймакта аскердик иш-аракеттерин уланта берсе, анда НАТО Анкарага аскердик колдоо көрсөтүүсүн токтотот,- деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Сирия армиясы Алеппо менен Идлибдеги террорчулар ээлеген аймактарды тез арада бошотушкан соң, түркиялык аскерлер Сирия менен  чектешкен аймактарды кайтарууларын күчөтүшкөн.
 

Түркия армиясы 17-февралда өз аскерлерин кубаттандыруу максатында 150 танка жана бир канча Howitzer артиллериясын Идлибге жиберген.

Комментарий жиберүү