Америка Кытайдын бир нече маалымат каражаттарына чектөөлөрдү киргизди

Американын өкмөтү Кытайдын бир нече ири маалымат каражаттарынын журналисттерин мындан ары бул өлкөнүн өкмөттүк агенттери катары эсептерин билдирди.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, шейшемби күнү Американын өкмөтү өлкөдө иштеп жаткан Кытайдын бир нече расмий ММКларынын журналиттерин Пекиндин кабарчылары деп эмес, мамлекеттик агенттери деп билишерин жарыялады. Бул тууралуу “New York Times” гезити дагы жазып чыкты.

18-февралда Американын мамлекеттик департаменти Кытайга өлкөнүн беш маалымат каражатын, анын ичинде “Xinhua”, “CGTN”, “Кытай эл аралык радиосу”, “China Daily” жана “People’s Daily” агенттиктерин расмий түрдө чет элдик өкмөттүн агенттери деп таанырын жарыялаган.

Бул чечим Американын Кытайдын дүйнөдө өсүп жаткан таасирине каршы көрүп жаткан аракеттеринин алкагында кабыл алынып отурат. АКШ мындан бир ай мурун эле Кытайдын изилдөөчүлөрүнө каршы иш-аракеттерди жасап, “Huawei” компаниясын айыптаган эле.

New York Times геизити Американын бул жаңы чечими өлкөнүн Кытайдагы  журналисттерине зыян алып келерин билдирди.

Бирок, аталган гезит жарыялаган маалыматка караганда, бул маселе боюнча Трамптын өкмөтүнүн чечиминин таасири анык эмес. АКШ өкмөтүнүн бир өкүлү бул чечим аталган маалымат каражаттарга жана аларда иштегендерге дароо эле таасирин тийгизбейт деди.

Маалыматка ылайык, Кытай бул маалымат каражаттарындагы журналисттеринин баарын Американын мамлекеттик департаментинде каттоого милдеттүү болмокчу. АКШнын расмий өкүлүнүн айтымында, аталган маалымат каражаттары Кытай өкмөтүнүн менчигинде же алар тараптан көзөмөлдөнгөндүгү үчүн тандалып алынган.

Комментарий жиберүү