Коронавирустун курмандыктарынын саны 2 миңден ашты

Коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 2004 адамга жетти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн, шаршемби күнү коронавирус илдетине чалдыккандардын саны мурдагыга караганда азайды. Бирок андан курман болгондордун саны эки миң адамдан ашты.

Кытайдын улуттук саламатттыкты сактоо комиссиясы аталган илдетке чалдыккан жаңы 1749 учур катталганын жана бул көрсөткүч 29-январдан бери күнүнө вирусту жуктуруп жаткандардын саны боюнча эң азы экенин баса белгиледи. Ал эми Хубей провинциясы боюнча илдетти жуктуруп алды деп бүгүн катталгандардын саны 11-февралдан берки эң төмөн көрсөткүч болгонун билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы Кытай боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 74 миңден ашты, ал эми өлгөндөрдүн саны 2004 адамга жетти жана алардын төрттөн үч бөлүгү Ухань шаарына тиешелүү.

Ухань 11 млн. калкы бар, өткөн жылдын аягында биринчи жолу коронавирус чыккан шаар. Ошондон бери бул илдет Кытайдын башка аймактарына жана башка мамлекеттерге дагы жайылып келе жатат. Ухань шаарынын аймагы канча аптадан бери карантинде турат.

Кытайдын аткаминерлери акыркы эки күндөн бери аталган илдетке чалдыккандардын санынын азайышын вирустун көзөмөлгө алынгандыгынын белгиси дешүүдө. Бирок, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү илдеттин канчалык даражада көзөмөлгө алынганын алдын ала айтуу кыйын деп билдиришүүдө.

Кытайдын мамлекеттик теле берүүсү Ухандын борборундагы “Wuchang” ооруканасынын жетекчиси коронавирус илдетинен каза болгонун маалымдады. Ал  «COVID-19» деген аталышта белгилүү болгон илдетке каршы иштеп жаткан “ден-соолук жана медицина” бөлүмүндөгү жетинчи адам болгон.

Комментарий жиберүү