Кытай банкноталарын стерилдейт

Кытай өкмөтү коронавирустун жайылышын чектөө максатында банкноталарын стерилдөөдө.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтү коронавирустан бир жарым миңден ашуун тургундардын жоготкон соң, банктарга элге акча берүүдөн алдың бардык банкноталарды стерилдөөнү буйруду.

Белгилей кетсек, Кытай банктары  сырттагы жугуштуу оорууга шектүү акчаларды чогултуп алып, лазердик нур аркылуу стерилдеген соң, 7-14 күндөн кийин кайра сыртка чыгармакчы.
Кытай жетекчилери мындан тышкары ооруканалар жана базарлардагы бардык акчалар чогултулуп, банктарга стерилдөөгө жиберилээрин билдиришти.
 

Мындай чаралар жаңы вирустун таралышын алдын алуу максатында  жасалып жатканын Кытай өкмөтү билдирди. Ал эми борбордук банк булганыч акчаларды стерилдөөдөн тышкары жаңы банкноталар чыгарылаарын кабарлаган.

Комментарий жиберүү