Орусия: Америка Сирияны кайра калыбына келтирүүгө тоскоолдук кылууда

Орусиянын Коргоо министрлиги Американын Дамаскка киргизген санкциясы менен бул өлкөнүн мунай байлыктарын тоноосу Сирияны кайра калыбына келтирүүдө жана тургундардын мекендерине кайтып келүүлөрүнө кедерги болуп жатканын билдирди.

Бул тууралуу Tasnim агенттиги ТАССка шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, 18-февралда  Римде Орусия-Италия ТИМдери жана Коргоо министрлеринин 2+2 отуруму өткөн. Отурумда Орусиянын Коргоо минстри Сергей Шойгу сөз сүйлөп, мындай деди: “Бир тараптан Сириянын мунай өндүрүү майдандары Американын көзөмөлүнө өткөн. Бул аймакта Сирия элинине тиешелүү болгон мунай камдары өлкөдөн чыгарылып, тонолууда. Бир тараптан Америка Сирияга мунай импорттоого тыюу салган. Сириянын көп аймактары  жылуулукка, жылуу сууга жана электр энергиясына өтө муктаж.”

Ал ошондой эле Вашингтон Сирияны кайра калыбына келтирүүгө берген сөзүнө турбаганын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министри Ракка шаарында ай сайын 50дөй жайкын тургун ИШИМдин жерге жайгаштырган миналарынан курман болушаарын билдирди.

Комментарий жиберүү