Бишкек мэриясы 350 автобус сатып алууүчүн насыя алышы мүмкүн

Азия өнүктүрүү банкы жыл аягына чейин Бишкек мэриясына 50 миллион доллар насыя бериши мүмкүн.

Бул тууралуу банктын өкүлү калаа жетекчилери менен жолукканда билдирди.

Калаа бийлиги бул каражатка электр энергиясы менен жүргөн 350 автобус сатып алууну пландап жатат.

Маалыматка караганда, автобус сатып алуу тууралуу долбоорду Каржы министрлиги жактырды.

2019-жылы мэрия Кытайдын Yutong компаниясынан газ менен жүргөн 60 автобус сатып алган. Алардын ар бири үчүн 72 миң доллардан төлөнгөн.

Жалпысынан Бишкекте күн сайын 250гө жакын автобус жана троллейбус, ошондой эле 2 миңден ашык кичи автобус каттамдарга чыгышат.

Комментарий жиберүү