Идлибдеги тирешүүлөр Орусия менен Түркиянын С-400 келишимине таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Түркиянын Коргоо министрлиги: Түркиянын Орусиянын С-400 абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу боюнча планы өзгөрбөйт.

«Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын коргоо министрлиги Сириянын Идлиб облусундагы абалдын күч алышы Түркиянын С-400 абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу боюнча планынын ишке ашуусуна эч кандай таасир бербейт деп билдирди.

Кечээ, 20-февралда Найраб аймагында Түркиянын артиллериялык колдоосундагы согушкерлер Сириянын аскерлери менен кагылышкан. Орусиянын SU-24 учактары террористтерге чабуул жасоо менен Сирия аскерлерине жардам беришкен. Ал эми Түркиядан террористтерди колдоп, аларга курал-жарактарды жеткирүүнү токтотуу талап кылынууда.

Бирок, ошол эле учурда Түркия Идлибдеиг кырдаал Орусия менен жетишилген С-400 системасы боюнча келишимге таасирин тийгизбейт деп билдирүүдө.        

Буга чейин, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров басма сөз жыйынында, Москва Сириянын Идлиб аймагындагы аскерлерине колдоо көрсөтүп турарын жана азырынча аймакта коопсуздук орной элек деп билдирген эле. Ошондой эле, Сирия армиясынын орундарын аткылоо, карапайым жарандарды бутага алуу жана Хамимим аба күчтөрүнүн базасына кол салууга аракет кылуулар уланып жатканын баса белгилеген.

Сергей Лавров Сириянын куралдуу күчтөрү Идлиб келишими боюнча милдеттемелерине, анын ичинде ок атууну токтотууга бекем экенин баса белгилөө менен алардын чагымчыл аракеттерге жооп кайтаруусуна жооп берүүсүн колдошорун билдирди.

Мындан тышкары, Орусия Идлибдеги абалдын начарлап кетпеши үчүн Түркия менен сүйлөшүүлөрүн улантарын жарыялады.

Орусия, Иран жана Түркия 2017-жылдын май айында Казакстандын Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында Сирияда тирешүүлөр азайтылган төрт аймак түзүү боюнча макулдашышкан.

Анкара жана анын өнөктөштөрү Идлибдеги абал курчуп жаткан шартта Дамаск менен Москваны карапайым жарандардын жана түрк  аскерлеринин бутага алынышына айыпташууда. Ал эми Орусия менен Сирия бир нече жолу аймактагы туруксуздук террористтердин иши деп билдиришкен.

Эскерте кетсек, С-400 системасы боюнча макулдашуу эки этаптан турат жана анын биринчи этабы ишке ашырылган. Ал эми экинчи этабы же тактап айтканда аталган системаны биргелешип өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Комментарий жиберүү