Иранда коронавирус жуктурган 5 адам аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу илдеттер борборунун жетекчиси өлкөдө коронавирус илдетине 5 адам кабылганын жарыялаган.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги 20-февраль күнү коронавирус жуктурган 4 бейтап Кум шаарынан жана бири Арок шаарында табылганын билдирген.

Белгилей кетсек, учурда алардын 2сү көз жумуп, дагы 24 шектүү бейтап изоляцияга жаткырылган.

Учурда Иран өкмөтү жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында бардык чараларды көрүүдө. Ал эми эртеңден баштап Кум шаарынын мектептери убактылуу жабылмакчы.

Берилген маалыматтарга караштуу, айрым Иранга чектеш өлкөлөр, алардын ичинде Ирак биринчилерден болуп Иран менен болгон өз чегарасын жаптырган.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги азырынча башка провинцияларда бул вирус катталбаганын жана тумоологон бейтаптардын көбү В түрүндөгү грипп жугузушканын маалымдаган. Ошондой эле тургундарды ызы-чуу салуудан алыс болуп, бул боюнча калп кабарларга ишенип, аларды жайылтпоого чакырган.

Ал эми мындай жагымсыз окуяларга карабастан, бүгүн, 21-февралда Иранда параламенттик шайлоолор өтүүдө.

Комментарий жиберүү