Макрон өлкөдөгү мечиттерге болгон саясатын өзгөрттү

Франциянын президенти чет өлкөлүк жамаат имамдарын кабыл алууга тыюу салып, мечиттердин чет өлкөлүк булактары менен исламдык өкмөттүк эмес уюмдарга болгон көзөмөлүн күчөттү.

Бул тууралуу Mehr  News агенттиги Euvronews каналына  шилтеме берип маалымдады.
Франциянын президенти Эманнуэль Макрон “Исламдаштырылган сепаратизмге каршы күрөшүү”,- деп  аталган өкмөттүк планды жүзөгө ашыруунун алкагында өлкөдөгү чет өлкөлүк колдоочу уюмдарга каршы пикирин билдирди.

Белгилей кестек, Францияда мечиттерге карата жаңы кабыл алынган саясаттардын негизинде чет өлкөлүк жамаат имамдардын иш –аракеттеринин мөөнөтүн аягына чыгаруу, мечиттердин чет өлкөлүк акчалай колдоолорун чектөө иштери жүргүзүлүүдө.

Албетте, мындай иш чаралар франциялык мусулмандарга каршы колдонулбай тургандыгы жана өлкөнүн мыйзам бузуучулары гана жазаланылаарын белгиленген.

Эске салсак, өткөн 20 жылдын ичинде Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган Европа мусулмандарын багыттоо максатында мечиттер менен имамдардын Түркияга болгон көз карандылыгын көбөйткөн. Эрдогандын мындай сясаты айрыкча Париждин танчсыздануусуна себеп болгон.

Комментарий жиберүү