Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтөт

Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикме Азия континенти боюнча Токио олимпиадасына лицензия берген турнир Кыргызстандын Бишкек шаарында өтөрүн маалымдады.

Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.
Буга чейин Токио-2020 олимпиада оюндарына Азия континенти боюнча тандоо туру 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтөрү пландалган.

Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикме Кытайда коронавирус илдети жайылып жаткандыктан турнирди Кыргызстанда өткөрүүгө чечим кабыл алган.

Маалыматка ылайык, күрөш боюнча Токио Олимпиадасына лицензия берген  турнир 28-30-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Комментарий жиберүү