Касиеттүү үч айлар

Касиеттүү үч айлар

Бул айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн алыстоо жана ибадаттарды орундоо менен болот. Бул касиеттүү айларда убада кылынган соопторго жетүү үчүн баарынан мурда итикадды (ишенимди) түздөө керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүп, жашообузду мына ушуларга шайкеш абалга келтиришибиз керек. Көп тообо жана истигфар кылып, казага калган намаздардын казаларын дароо окуп баштоо керек. Ражаб айынын биринчи Жума түнү – Рагаиб түнү. Бул түнгө урмат кылгандар кечирилет. Ражаб айынын ар түнү кадырлуу. Ар Жума түнү дагы кадырлуу. Бул эки касиеттүү түн…

Прочитайте больше

Франция Израилдин Иерусалимде шаарчаларды куруу боюнча чечимин сынга алды

Франция Израилдин Иерусалимде шаарчаларды куруу боюнча чечимин сынга алды

Франциянын тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Израилдин Иерусалимде миңдеген турак-жайларды курууга кабыл алган чечимин сынга алды. Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.Франциянын тышкы иштер министрлиги сионист режиминин бул чечими эки мамлекеттин ортосундагы маселени чечүү жолун бузат деп билдирди. “Франция Израилдин Иерусалимдин чыгышындагы басылып алынган аймактарында миңдеген турак-жайларды куруу боюнча кабыл алган чечимин айыптайт. Бул шаарчалардын өнүгүшү Европа Биримдиги бир нече жолу баса белгилегендей Палестина мамлекетинин келечегин түздөн-түз бузат”, – деп жазылган билдирүүдө. Ошондой эле, Франциянын ТИМи Израилдин…

Прочитайте больше

Ирандагы парламенттик шайлоону Чыгыш Азия ЖМКлары кандай чагылдырышты?

Ирандагы парламенттик шайлоону Чыгыш Азия ЖМКлары кандай чагылдырышты?

Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары кечээ, 21-февралда Иранда өткөн парламенттик шайлоого өлкө боюнча ирандыктар активдүү катышканын маалымдашты. Маалымат каражаттары ирандыктар келечектеги өз парламентин тандоо үчүн шайлоо участкаларына таң эртеден баштап келип, өз добуштарын бергенин жазышты. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги жазды. Кытайдын “Синьхуа” агенттиги Ирандагы шайлоонун сүрөттөрүн жарыялап, өлкө боюнча, анын ичинде борбор калаа Тегеранда адамдар шайлоо участкаларына келип, өз талапкерлерине добуш беришкенин маалымдады. Кытайдын CCTV борбордук телеканалы дагы жума күнү шайлоо башталары менен Ирандын жогорку лидери…

Прочитайте больше

Сауд коалициясы Йеменге кайрадан сокку жасады

Сауд коалициясы Йеменге кайрадан сокку жасады

Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалициянын аба күчтөрү Йемендин Саада жана Эль-Жауф провинциясынын бери дегенде 12 районун бомбалаганын маалымат булактары кабарлашууда. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, коалициянын согуштук учактары Эль-Жауф провинциясынын 9 районуна жана Саада провинциясындагы Аль-Хамзат шаарынын эки районуна чабуул жасаган. Ошол эле учурда йемендик күчтөр Сауд Аравиянын Асир провинциясынан бир катар сауд күчтөрүн жок кылып, аларга оор зыяндарды келтирди. Сауд коалициясынын Йеменге каршы согушу 2015-жылдын 26-мартында башталган. Сауд Аравия Америка, БАЭ жана…

Прочитайте больше

Нурлуу Медина шаарында ок атышуу болду

Нурлуу Медина шаарында ок атышуу болду

ЖМКалар Нурлуу Медина шаарында саудиялык коопсуздук күчтөргө ок чыгарылганын кабарлады. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Аравиянын “аль-Ахд” каналына шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, ок атышуу окуясы Мединадагы “ад-Давийма” районунда болгон.  Берилген маалыматтарга караштуу, ок атышууда Сауд Аравиянын Коопсуздук күчтөрүнүн жетекчиси Абдуллах аль-Амеди өлтүрүлгөн. Өлкөнүн ЖМКалары ок чыгарган адам колго түшүрүлгөнүн жана учурда анын аты-жөнү, максаты иликтелип жатканын кабарлашты.

Прочитайте больше