Ирандагы парламенттик шайлоону Чыгыш Азия ЖМКлары кандай чагылдырышты?

Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары кечээ, 21-февралда Иранда өткөн парламенттик шайлоого өлкө боюнча ирандыктар активдүү катышканын маалымдашты.

Маалымат каражаттары ирандыктар келечектеги өз парламентин тандоо үчүн шайлоо участкаларына таң эртеден баштап келип, өз добуштарын бергенин жазышты. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги жазды.

Кытайдын “Синьхуа” агенттиги Ирандагы шайлоонун сүрөттөрүн жарыялап, өлкө боюнча, анын ичинде борбор калаа Тегеранда адамдар шайлоо участкаларына келип, өз талапкерлерине добуш беришкенин маалымдады.

Кытайдын CCTV борбордук телеканалы дагы жума күнү шайлоо башталары менен Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи биринчилерден болуп өз добушун берип, ирандыктарды шайлоого катышууга чакырганын кабарлады. Аталган телеканал  ирандыктардын парламенттик шайлоого катышып жаткан сүрөттөрүн жарыялап, Ирандын рахбары шайлоо – өлкөнүн кызыкчылыктарын коргойт деп билдирип, шайлоо күнүн “улуттук майрам” деп атаганын кабарлады.

Түштүк Корея жана Япониянын маалымат каражаттары дагы Ирандагы парламенттик шайлоону чагылдырышты. Япониянын “The Japan Times” басылмасы, “NHK” телеканалы жана “Kyodo News” агенттиги, ошондой эле Түштүк Кореянын “Herald” басылмасынын билдирүүсүндө, Иранда бул жолу 57 миллионго чукул адам добуш берүү укугуна ээ болгондугу айтылды.

Кечээ, 21-февралда Иранда парламенттик шайлоо болуп өттү. Парламенттеги 290 орун үчүн 7 миң 157 талапкер ат салышты, алардын 782си аялдар.

Комментарий жиберүү