Нурлуу Медина шаарында ок атышуу болду

ЖМКалар Нурлуу Медина шаарында саудиялык коопсуздук күчтөргө ок чыгарылганын кабарлады.

Бул тууралуу Mehr News агенттиги Аравиянын “аль-Ахд” каналына шилтеме берип маалымдады.

Белгилей кетсек, ок атышуу окуясы Мединадагы “ад-Давийма” районунда болгон.
 

Берилген маалыматтарга караштуу, ок атышууда Сауд Аравиянын Коопсуздук күчтөрүнүн жетекчиси Абдуллах аль-Амеди өлтүрүлгөн.

Өлкөнүн ЖМКалары ок чыгарган адам колго түшүрүлгөнүн жана учурда анын аты-жөнү, максаты иликтелип жатканын кабарлашты.

Комментарий жиберүү