Сауд коалициясы Йеменге кайрадан сокку жасады

Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалициянын аба күчтөрү Йемендин Саада жана Эль-Жауф провинциясынын бери дегенде 12 районун бомбалаганын маалымат булактары кабарлашууда.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, коалициянын согуштук учактары Эль-Жауф провинциясынын 9 районуна жана Саада провинциясындагы Аль-Хамзат шаарынын эки районуна чабуул жасаган. Ошол эле учурда йемендик күчтөр Сауд Аравиянын Асир провинциясынан бир катар сауд күчтөрүн жок кылып, аларга оор зыяндарды келтирди.

Сауд коалициясынын Йеменге каршы согушу 2015-жылдын 26-мартында башталган. Сауд Аравия Америка, БАЭ жана башка бир катар өлкөлөрдүн колдоосу менен 2015-жылы мартта Йеменге каршы аскердик аракеттерди баштап, бул өлкөнү кургактан, деңизден жана абадан курчоого алган.

Сауд Аравия жана анын союздаштарынын Йеменге каршы ачкан согушунан улам азыркы тапка чейин 16 миңден ашуун йемендик каза таап, он миңдеген адамдар жаракат алып, миллиондогон адамдар жер которду.

Комментарий жиберүү