Франция Израилдин Иерусалимде шаарчаларды куруу боюнча чечимин сынга алды

Франциянын тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Израилдин Иерусалимде миңдеген турак-жайларды курууга кабыл алган чечимин сынга алды.

Бул тууралуу «Mehr News» агенттиги кабарлады.
Франциянын тышкы иштер министрлиги сионист режиминин бул чечими эки мамлекеттин ортосундагы маселени чечүү жолун бузат деп билдирди.

“Франция Израилдин Иерусалимдин чыгышындагы басылып алынган аймактарында миңдеген турак-жайларды куруу боюнча кабыл алган чечимин айыптайт. Бул шаарчалардын өнүгүшү Европа Биримдиги бир нече жолу баса белгилегендей Палестина мамлекетинин келечегин түздөн-түз бузат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле, Франциянын ТИМи Израилдин шаарчаларды куруусу эл аралык укукка ылайык мыйзамсыз деп эсептелерин баса белгиледи жана режимдин өкүлдөрүн бул чечимди кайра карап чыгууга жана бир тараптуу аракет кылуудан баш тартууга чакырды.

Комментарий жиберүү