Ирандын парламенттик шайлоолорунун жыйынтыгы чыкты

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Иранда 21-февралда өткөн 11-парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы чыкты.
Белгилей кетсек,бул ирет парламенттик шайлоолорго 290 мандатка ар кандай саясий багыттагы 7 миңдей талапкерлер ат сылышышкан.

Талапкерлердин  негизгиси “консерваторчулар” менен “реформаторчулар” жана үчүнчү топ “эгемендүүлөр” тобу болушкан.

Ал эми шайлоолордун жыйынтыгы боюнча берилген добуштардын 68, 69%ы (1,265,287 добуш) Мухаммад Бакир Калибаф жетектеген консерваторчулардын талапкерлерине таандык болгон. Ошондой эле хужатуль ислам Мажид Ансари жетектеген атаандаш тараптар (реформаторлор) 69, 151 добуш топтоо менен болгону 3,75%ды түзгөн.

Эске салсак, алдыңкы тизмеге чыккан талапкерлердин арасында 2 айым дагы бар.

Комментарий жиберүү