Ислам жихады кыймылынын 2 мүчөсү сионисттик режимдин чабуулунан Дамаскта курман болушту

Палестинанын Ислам жихады кыймылы 24-февралда 2 аскер сионисттик режимдин чабуулунан Дамаскта курман болушканын кабарлады.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин согушкерлери  24-февралда басып алышкан Голлан бийиктиктеринин аба мейкиндигинен Дамасктын чет жакаларына чабуул жасашкан.

Берилген маалыматтарга караштуу, Сирия армиясы абадан коргонуу системасы аркылуу бир канча чабуулдарга каршы ракета аттырышкан.

Сионисттик режимдин армиясынын басма сөз катчысы Авихай Эдрей өзүнүн Твиттер баракчасында сионисттик армия Газанын айрым бөлүкчөлөрүндөгү Ислам кыймылына тиешелүү болгон базаларга чабуул жасаганын жарыялган. Ал ошондой эле Дамасктын түштүк аймагына да абадан чабуул жасалганын кошумчалаган.

Комментарий жиберүү