Коронавирус жуктурган жарандарынын Америкага кайтышы Трамптын каарын келтирди

Дональд Трамп өз өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн корновирус катталган өлкөлөр менен чегараларын жабат.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Американын президенти коронавирус жуктуруп алышкан айрым америкалыктардын өлкөгө кайтуусу боюнча кабарга каары келди.  New York Times каналы  Жапондун карантин жарыяланган Diamond Princess кемесиндеги коронавирус жуктурган14 америкалык жаранды Америкага кайтаруу боюнча чечим кабыл алынганын кабарлады.

Трамп бул боюнча алдыраак маалыматы болбогондугу үчүн өз нааразычылыгын Американын Салматтыкты Сактоо министрлигине жана башка Жогорку жетекчилерге билдирген. Жетекчилердин бири Дональд Трамп өлкөдө бул жугуштуу илдеттин таралуусунан алдын алуу үчүн коронавирус катталган өлкөлөр менен өз чегараларын жабуу чечимин кабыл ала турганыдыгын жарыялаган.

Белгилей кетсек, Diamond Princess кемесинин 634 жүргүнчүсү коронавирус жуктурушкан жана алардын 2сү набыт кеткен. Жапандыктар бул кемени Якахама портунда 2 аптага карантинге калтырышкан.

Дүйнөлүк Салматттыкты сактоо уюму Кытайдан тышкары коронавирус жуктурган чет өлкөлүк жарандардын ири тобу ушул кемеде катталышканын жарыялаган. Мурдараак Америка жетекчилери бул кемедеги 328 жаранын анализге жиберген. Натыйжада алардын 14ү бул илдетке кабылышканы кийинчерээк маалым болгон.

Комментарий жиберүү