Трамп: Талибан менен тынчтык келишимине колкоебуз

АКШ Ооганстандын Талибаны менен тынчтык келишмине кол коет.

Бул тууралуу бүгүн, дүйшөмбү күнү Американын президенти Дональд Трамп жарыялаганын «Fars News» агенттиги кабарлады.
“Al Jazeerа” каналынын маалымат базасына ылайык, Д.Трамп талиптер менен тынчтык келишимин түзүү зарыл экенин билдирген.

Буга чейин, өткөн жума күнү Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШ менен Талибандын келишимине 29-февралда кол коюлушу мүмкүн деп билдирген.

Америка менен Талибан бир нече айдын ичинде Катардын борбору Доха шаарында сегиз ирет сүйлөшүү өткөрүштү. Акыры Талибан менен Американын делегациялары эки тараптын сүйлөшүүлөрү аягына чыкканын жана жакында тынчтык макулдашуусуна кол коюшарын жарыялашкан.

Трамп өткөн аптанын шаршемби күнү дагы билдирүү жасап, АКШ Ооганстанда укук коргоо органы катары иш алып барарын жана Вашингтон бул өлкөдө зордук-зомбулуктун көбөйүшүн жана тирешүүлөр менен согуштарда миллиондогон адамдардын жок болушун каалабасын баса белгилеген эле.

Комментарий жиберүү