Талибандардын экс-лидеринин байлыгы аукционго коюлат

Пакистан талибандардын экс-лидери Мулла Мансурдун мал-мүлкүн аукцион сатыгына коймокчу.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Пакистандын террорчулукка каршы күрөшүү соту талибандардын экс-лидери Мулла Ахтар Мухаммад Мансурдун 9 млрд. рупийден ашык турган баалуу мал-мүлкү аукционго коюларын жарыялады.

Белгилей кетсек, Пакистандын террорчулукка каршы күрөшүү соту мурдараак кимде ким бул мүлктөр боюнча маанилүү билдирүүсү же маалыматы болсо, сотко 13-февралга чейин кайрылууларын кабарлаган.

Бул мөөнөттөн соң, аталган мал-мүлктөр аукционго коюлуп, сатылган буюмдардын акчалары Пакистан Улуттук казынасына төгүлөөрү белгиленген.

Эске салсак, Мулла Мансур 2016-жылы Пакистандын Далбадин аймагында тик учак аркылуу чабуулдан өлтүрүлгөн.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү