Америка өлкөдө коронавирустун таралышы боюнча эскертүү жарыялады

Американын жугуштуу илдеттерди көзөмөлдөө борбору тургундарга коронавирустун таралышы боюнча эскертүү жарыялады.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык,  Американын Эмдөө жана респиратордук ооруларды алдын алуу боюнча борборунун жетекчси Нэнси Мосонье өлкөдө коронавирус илдети жайылышы боюнча ыктымал берди.

Анын айтымында, бул нерсе убакытка байланыштуу жана тургундар ар дайым даяр болуп, өз жашоолорунда тазалыкты сактоо эрежелерин аткаруулары зарыл.

Белгилей кетсек, 24-февралда Американын президенти бул вирустун таралышын алдын алуу үчүн Конгресстен 2,5 млрд. доллар бөлүүсүн жана 1 млн. долларга вакцина даярдоолорун талап койгон.
 

Ал эми Конгресстин Демократтар партиясынын лидери Нэнси Пелоси бул сумма ”жетишсиз” жана мындай чечим “кеч” экенин айткан.

Бул каражат жетишсиз аталганы менен Дональд Трамп өлкөдө вирус маселеси толук көзмөлгө алынганын баса белгилеген.

Берилген маалыматтарга караштуу, Америкада учурда коронавируска чалдыккандардын саны 53 адамга жеткен.
Ошондой эле Америкадан тышкары учурда дүйнөнүн 30 өлкөсүндө бул илдет катталган.

Комментарий жиберүү