Иран Израилдин Газадагы террордук аракетин айыптады

Иран ТИМнин басма сөз катчысы сионисттик режимдин Газага чабуулун жана Ислам кыймылынын мүчөлөрүн террордоосун айыптады.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин согушкерлери кечээ Газанын бир канча аймактарын бомбалашты.

Белгилей кетсек, бул режим 23-февралда Мухаммад Наим аттуу палестиналык жаш жигитти курман кылган соң, Газа тилкесинде анын табытын бульдозер менен тебелеткен.

Ал эми 24-февралда Сурая аль-Кудс аймагына кол салышып, андагы “Ислам жихады” тобунун 2 мүчөсүн терррордошкон.

Бул окуяларга байланыштуу Иран ТИМнин басма сөз катчысы Саид Аббас Мусави 25-февралда билдирүү жасап, сионисттер аскерлеринин адамкерчиликке туура келбеген аракетин айыптап, бул иштер жапайычылык жана жырткычтык  экенин белгилеген.

Мусави сионисттердин коргоосуз Палестина элине инсандык жана ахлактык негиздерге каршы келген мамиле жасагандарын айыптап, бул маселе Эл аралык соттордо согуштук жынаят катары каралышы керектигин билдирген.

Иран ТИМнин басма сөз катчысы ошондой эле Палестинанын Ислам жихады коргонуу кыймылынын иш аракеттерин алкап, Палестина элинин учурда тандаган жалгыз жолуу бул туруштук берүү жана коргонуу экендигин айткан.

Ал ошондой эле Эл аралык коомдордун Израил режиминин басып алынган Палестинадагы жынаяттарына карата унчукпоолорун жана эч бир чечим кабыл албагандарын эскертип, бул нерсе өтө өкүнүчтүү экенин белгилеген.

Комментарий жиберүү