Ооганстан президентинин инаугурациясы 2 аптага артка жылдырылды

Ооганстандын Туруктуулук жана жакындаштыруу тобунун Жогорку мүчөсү Фазл Ахмад Мааънави  президенттин инаугурациясы 2 апатага кечиктирилээрин билдирди.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Американын Ооганстан маселелери боюнча атайын өкүлү Залми Халилзад Ооганстандын Улуттук биримдик өкмөтүнүн аткаруучу президенти Абдулла Абдулла менен жолугушуп, Ашраф Ганинин инаугурациясы 15 күн артка жылдырылганын билдирген.

Белгилей кетсек, өлкөнүн президенти бул кабарга азырынча жооп бере элек.

Алдыраак Ооганстан президентинин инагурациясы ушул аптанын бейшемби күнүнө белгиленген эле.
 

Эске салсак, Ооганстан шайлоолорунун көз карандысыз комиссиясы 18-февралда Мухаммад Ашраф Гани 50,64% добуш топтоо менен өлкөнүн президенти катары шайланганын жарыялаган.
 

Ал эми анын атаандашы Абдуллах Абдуллах Ашраф Ганинин жеңишин кабыл алган эмес жана айрым провинцияларга губернаторлорду дайындаган. Анын бул абалын Ооганстандын айрым партиялары колдоого алышкан. Ооганстан президентинин шайлоолору 2019-жылы 28-сентябрда өткөрүлгөн.

Комментарий жиберүү