Түркия менен Ирандын чек арасында талаа госпиталы түзүлдү

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустун жайылышына  байланыштуу Түркия менен Ирандын чек арасында талаа госпиталдары түзүлгөнүн маалымдады.

Бул туурасында “Sputnik” агенттиги кабарлады. “Учурда ирандык жарандардын Түркияга кирүүсүнө тыюу салдык. Иран менен болгон чек арага талаа госпиталдарын түздүк. Кытайдан келгендердин баарын 14 күнгө карантинге алабыз. Ирандын Кум жана Мешхед шаарларынан келгендер чек арада түзүлгөн талаа госпиталдарына 14 күнгө карантинге алынат”, – деп белгиледи министр.

“Коронавирус коркунучу Түркиянын чек араларына жетип калды. Вирустун таралышы биздин аймакта өсүп жатат. Биз зарыл болгон чараларды көрүшүбүз керек жана вирустун Түркияга  киришинин алдын алышыбыз керек”, – деди Фахреттин Кожа.

Ал Ирандан келгендердин бардыгынын коронавируска берген тесттери оң натыйжа бербегендигин белгиледи. Ошондой эле ал Түркияда коронавирусту жуктуруп алган бир да учур катталган жок деп билдирди.

Комментарий жиберүү