Сабыр

Сабыр

Суроо: Сабырдын мааниси кандай? Эмнеге сабыр кылуу сооптуураак? ЖООП Сабыр үч түрдүү болот. Алардын эң маанилүүсү күнөө кылбоого сабыр кылуу. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:  “Сабыр үч түрдүү болот: 1. Кайгы дартка сабыр. 2. Динин үйрөнүүдө жана ибадат кылууда сабыр. 3. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу. Кайгы дартка сабыр кылган адамга 300, ибадат кылууга сабырга 600, күнөө кылбоого сабыр кылууга 900 даража жакшылык берилет.” [Эбушшейх] Курани каримде сабыр кылуунун мааниси көптөгөн аяттарда айтылган. Үч аятта мына булар…

Прочитайте больше

Израиль Батыш жээкте жөөт конуштарын кеңейтүүдө

Израиль Батыш жээкте жөөт конуштарын кеңейтүүдө

Израилдин коргоо министри Нафтали Беннет Иордандын Батыш жээгинде 1800 жаңы үй куруу планына жашыл чырак көрсөттү. Бул тууралуу “ISNA” агенттиги “RT Arabic” телеканалына шилтеме берип жазды. Нафтали Беннет Иордандын Батыш жээгинде 1776 жаңы үй куруу чечими кабыл алынганын, анын ичинен 620 жаңы үй  Эли шаарчасына жана 534 үй Швут Рахель шаарчысына куруларын өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. План бекитилгенден кийин Нафтали Беннет жөөт конуштарын куруу ишмердүүлүгү улантыларын айтып, бул аймактан арабдарга бир сөөм жер да берилбестигин белгиледи. АКШ…

Прочитайте больше

Германиянын мыйзам чыгаруучулары: Генерал Сулейманинин өлүмүнө Меркелдин өкмөтүнүн катыштыгы бар

Германиянын мыйзам чыгаруучулары: Генерал Сулейманинин өлүмүнө Меркелдин өкмөтүнүн катыштыгы бар

Германия парламентинин 8 өкүлү 27-февралда аталган өлкөнүн канцлери Ангела Меркелге жана анын бир катар министрлерине каршы ирандык генерал Касем Сулейманини  өлтүрүүгө катыштыгы бар үчүн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Эл аралык маалымат каражаттары кабарлашкандай, арыз менен кайрылган парламент өкүлдөрүнүн айтымында, Американын аба күчтөрү генерал Сулейманини өлтүрүүдө Германиянын аймагында жайгашкан америкалык “Ramstein” аба-базасын колдонушкан. Германия парламентинин өкүлдөрүнүн бири Александр Ной ирандык генералды өлтүрүү үчүн колдонулган дрондор Германиядагы “Ramstein” аба-базасында жайгашкан ретранслятор аркылуу башкарылганын…

Прочитайте больше

Тажикистандын 48 жараны Меккеге жете албай, Дубайда калышты

Тажикистандын 48 жараны Меккеге жете албай, Дубайда калышты

Умра жана хаж зыяратына жөнөшкөн 48 тажикстандык жаран Меккеге кирүүлөрүнө тыюу салынды. CentralAsia (TJ): Сауд Аравия өкмөтү 26-февралда Мекке менен Мединага кирүүгө  убактылуу тыюу салды.Орто жолдо калышкан зыяратчылардын жакындары алардын абалдарына тынчсызданышууда жана зыяратчыларды умрага жиберишкен компаниялар учурда түшүндүрмө берүүдөн баш тартышууда. Белгилей кетсек, Тажикстандын дин иштери боюнча комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким 27-февралда билдирүү жасап, тажикстандык зыяратчылар БАЭнин Дубай шаарында калышып, Сауд Аравия өкмөтүнүн чечимин күтүп жатышканын жарыялаган. “Эгер Сауд Аравия өкмөтү өлкөгө кирүүгө…

Прочитайте больше

Кытай короновирус менен өз ыктыярдуу тапшырылгандарга 1430 доллар төлөп берет

Кытай короновирус менен өз ыктыярдуу тапшырылгандарга 1430 доллар төлөп берет

Кытай өкмөтү COVID-19 вирусунун жайылышын токтотуу максатында өз ыктыяры менен анализ тапшырган бейтаптардын ар бирине 1430 доллар төлөп бермекчи. CentralAsia (CA): Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Хубэй провинциясынын Фанянь округунун өкмөтү текшерүүгө өз ыктыяры менен келген ар бир бейтапка 143 доллар жана ооругандар боюнча маалымат жеткиргендерге 71,5 доллардан төлөп берүүгө сөз беришкен. Кийинчерээк, коронавируска шектүүлөр боюнча маалымат бергендерге сыйлык төлөө иши башка шаарларда да башталган. Буга кошумча Дэян шаарынын өкмөтү Сычуань провинциясынан тышкары сапар тартканын жашыргандар, массалык…

Прочитайте больше