ИИМ: Митинг учурунда 166 киши кармалган

ИИМ: Митинг учурунда 166 киши кармалган

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден кийин 166 киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алардын ичинен 162 кишинин аты-жөнү такталгандан кийин бошотулду, төртөө камалды. Учурда жапырт башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, экс-депутат Каныбек Осмоналиев Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлаган. УКМКнын маалыматына караганда, аны менен кошо митингдин дагы бир Д.А аттуу…

Прочитайте больше

Йемендиктердин 80%ы аман калуу үчүн жардамга муктаж

Йемендиктердин 80%ы аман калуу үчүн жардамга муктаж

Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК) чыр-чатактар токтобой жаткан Йемендеги гуманитардык оор жагдай тууралуу кабарлады. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Elnashra” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган комитеттин расмий өкүлдөрү йемендиктердин 80%ы аман калуу үчүн гуманитардык жардамга муктаж экенин белгиледи. Билдирүүгө караганда, йемендиктердин 65%ынын, башкача айтканда 30 миллиондон ашуун адамдын жегенге эч нерсеси жок, 58%ынын пайдалануу үчүн таза суусу жок. Ошондой эле көптөгөн йемендиктер согуштан улам үй-жайларын таштап кетишкен. Белгилей кетсек, Сауд Аравия жетектеген коалициянын Йеменге каршы жасаган…

Прочитайте больше

Сандерс: 500 миң америкалыктар көчөлөрдө жашашат

Сандерс: 500 миң америкалыктар көчөлөрдө жашашат

Американын Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс “Твиттер” баракачасында 500 миң америкалык көчөлөрдө түнөшөөрүн жазды. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Америка Конгрессинин “демократтар” партиясынын мүчөсү Трамптын саясатын сынга алды. “АКШнын бюджети өз элибиздин кызматына жумшалышы керек, ар кандай согуштарга эмес. Эгер бириксек, Америка тарыхындагы эң коркунучтуу президентти жеңе алабыз. Америкалыктар күнүмдүк нанын табуу үчүн 2-3 кесипте иштөөгө мажбур болушууда”,-деп жазды Берни Сандерс. Белгилей кетсек, алдыраак Конгресстин дагы бир өкүлү (Ильхан Омар)  Твиттер баракчасында өлкөдө 11 миң бала ачка…

Прочитайте больше

ДСУ Иранга гуманитардык жардам жеткирди

ДСУ Иранга гуманитардык жардам жеткирди

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун гуманитардык жардам жүктөлгөн учагы Иранга конду. Бул тууралуу “ISNA” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү дагы коронавируска каршы күрөшүү абалын текшерүү максатында Иранга келди. ДСУнун Иранга жөнөткөн гуманитардык жардамынын ичинде 15 миңден ашуун адам үчүн 7,5 тонна медициналык жабдуулар жана коргоочу каражаттар, ошондой эле коронавирустун белгилерин аныктоочу тесттер бар.

Прочитайте больше