Аялдар узак өмүр сүрүшөт

Аялдар узак өмүр сүрүшөт

Түркиянын калкынын 49,8 пайызын аялдар түзөт. Түркиянын статистика мекемеси «Статистикалар менен Аял-2019» изилдөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Буга караганда Түркиянын калкынын санынын 50,2 пайызын эркектер, 49,8 пайызын аялдар түздү. Башкача айтканда Түркияда эркектердин саны 41 миллион 721 миң 136, ал эми аялдардын саны болсо 41 миллион 433 миң 861. Өмүрдүн узактыгы өлкөнүн жалпысы үчүн 78,3 жыл, эркектерде 75,6 жана аялдарда 81 жыл болду. Жалпысынан алганда аялдар эркектерге караганда дагы узак жашаса, өмүрдүн узактыгындагы айырма 5,4 жыл деп…

Прочитайте больше

WSJ: Сауд Аравияда эки ханзаада кармалды

WSJ: Сауд Аравияда эки ханзаада кармалды

Сауд Аравиянын бийлиги мурдагы мураскер ханзаада Мухаммад бен Наифди жана Саудиянын падышасы Садлмандын бир тууганы Ахмад бен Абдул-Азизди кармаганын америкалык “The Wall Street Journal” басылмасы бүгүн эртең менен кабарлады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Аталган басылманын маалыматына караганда, Саудиянын эки аткаминери мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жатат. “The New York Times” басылмасы кармалгандардын арасында мурдагы мураскер ханзаада Мухаммад бен Наифдин кичүү иниси Нааф бен Наиф дагы бар экенин маалымдады. Ханзаадалар кечээ, жума күнү эртең менен кармалган. Падыша сарайынын…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 100 миңден ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 100 миңден ашты

Жума күнү дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын саны 100 миң адамдан ашты. Бул тууралуу жума күнү “Reuters” агенттиги кабарлаганын «Fars News» агенттиги маалымдады.Дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен курман болгондордун саны 3 миң 381 адамга жетти. Дүйнөдө илдетти жуктургандардын көбү Кытайда катталды жана алардын саны 80 миң 710 адам. Ошол эле учурда, Ирандын өкүлдөрү өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 4747ге жеткенин жана алардын ичинен 124 адам каза табышканын билдиришти. Ошондой эле, 913 адам илдеттен айыгышканын…

Прочитайте больше

Кабулдагы кол салууда өлгөндөрдүн саны 32ге жетти

Кабулдагы кол салууда өлгөндөрдүн саны 32ге жетти

Ооганстандын борбору Кабул шаарында өкмөт башчы Абдулла Абдулла баштаган жогорку даражалуу аткаминерлер катышкан эскерүү иш-чарасындагы чабуулда бери дегенде дагы 58 адам жараат алды. Ички иштер министрлиги күч органдары “үч жоочуну атып өлтүргөнүн” кабарлады. Ооган бийлик башчылары Кабулда Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан эле. “Талибан” кыймылы бул кол салууну уюштурганын мойнуна алган жок. Президент Ашраф Гани “Твиттердеги” баракчасына бул окуяны “оогандардын улуттук биримдигине каршы ырайымсыз…

Прочитайте больше