Италияда 16 млн. тургун карантинге алынды

Италияда 16 млн. тургун карантинге алынды

Италия өкмөтү Lombardi жана башка 14 провинцияда “корона” вирусунун жайылышына байланыштуу карантин жарыялады. Бул тууралуу Pars Today агенттиги РТ каналына шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, Италиянын премьер-министри 8-мартта таң эрте билдирүү жасап, өлкөдө коронавирустун жайылуусуна байланыштуу айрым провинциялар карантинге алынаарын жарыялаган. Джузеппе Конте карантинге алынган көп калктуу Ломбардия провинциясы менен башка 14 провинциясына COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар көрүлөөрүн белгилеген.  Италия өкмөтүнүн мындай чечими өлкөнүн төрттөн бир тургундарын таасирлентти. Чечимге ылайык, калкы 10 млн. болгон…

Прочитайте больше

Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны күндөн-күнгө азаюуда

Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны күндөн-күнгө азаюуда

Кытай өкмөтү өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алып жаткандардын саны азайып баратканын билдирди. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтү өлкөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны күндөн-күнгө азайып жатканын жана акыркы 24 сааттын ичинде вирусту жуктурган 44 учур катталып, 22 адам курман болгонун маалымдады. Буга чейин, ишемби күнү Кытайдын Саламаттыкты сактоо комиссиясы аталган вирус менен жаңы 45 учур каталганын жана 27 адам каза болгонун билдирген. Бул көрсөткүч акыркы бир нече аптанын ичиндеги эң төмөн көрсөткүч болгонун баса белгилеген…

Прочитайте больше

Можтахид: Салман падыша өлдү же өлүм алдында

Можтахид: Салман падыша өлдү же өлүм алдында

Сауд Арабиянын “аль Сауд” бийлигинин ичик сырларын жарыялаган активист падыша Салмандын абалы тууралуу кабар таратты. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, “Можтахид” өзүнүн Твиттер баракчасында мындай деп жарыялады: “Падыша Салман же өлдү же өлүм алдында. Акыркы кармалгандар арасында бир гана Ахмад менен Наифтин уулдары эмес, башка ондогон адамдар дагы бар. Соттук кызматкерлер, Ак сарайдын кызматчылары, Улуттук гвардиячылар падыша катуу ооруп жатканын билдиришкен.” “Аль Сауд” бийлигинин ичик сырларын ачыктоочу “Можтахид” ошондой эле бен Салман (падышанын мураскери) падышанын бийликтен…

Прочитайте больше

Американын 2 чоң ЖОЖу жабылды

Американын 2 чоң ЖОЖу жабылды

Америкада коронавирустун тез таралуусуна байланыштуу 2 чоң ЖОЖ жабылды. Бул тууралуу Mehr агенттиги New York Post маалыматына шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, Вашингтон ЖОЖу менен  Калифорниядагы Стенфорд ЖОЖу өлкөдө “корона” вирусунун таралуусуна байланыштуу убактылуу жабылып, сабактарын онлайн түрүндө улантууда. Берилген маалыматтарга караштуу, Американын илдеттүү оорулар менен күрөшүү борбору өлкөдө 231адам COVID-19 вирусун жуктурганын жана бул вирус 20 штатта катталганын жарыялаган.  Учурда өлкөдө вирустан 19 бейтап көз жумду.

Прочитайте больше