Кабулда эки президенттин инаугурациясы өтүүдө

Кабулда эки президенттин инаугурациясы өтүүдө

Абдулла Абдулла менен Ашраф Ганинин инаугурациялары 9-мартта Кабулда башталды. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын борбор калаасында мурда болуп көрбөгөндөй өз өзүнчө эки президенттин инаугурациялары өткөрүлдү.Белгилей кетсек, 2019-жылдын 28-сентябрында өткөн Ооганстандын президенттик шайлоолорунун акыркы жыйынтыктарын жарыялоо иши бир топко созулган. Берилген маалыматтарга караштуу, шайлоолордо катары менен Ашраф Гани жана анын атаандашы Абдулла Абдулла эң көп добуш топтошкон. Албетте, шйлоолордун натыйжаларына нааразы болушкан Абдулла Абдулланын тарапташтары жыйынтыктарды кабыл албастан, добуштарды кайра кайра эсептөөнү талап кылышкан. Ал эми…

Прочитайте больше

Түркия менен Орусиянын аскердик делегацияларынын жыйыны өтөт

Түркия менен Орусиянын аскердик делегацияларынын жыйыны өтөт

Анкарада Түркия менен Орусиянын аскердик делегацияларынын жыйыны өтөт. «Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын Коргоо министрлиги бүгүн, 10-мартта өлкөсү менен Орусиянын аскердик делегацияларынын жолугушуусу өтөрүн маалымдады. Жыйын Түркиянын Анкара шаарында өтөт. Түркиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу 5-мартта эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуунун алкагында өтөт. Эскерте кетсек, Сириянын Идлиб облусунда ок атууну токтотуу жараяны Түркия менен Орусиянын президенттеринин келишиминен кийин, өткөн бейшемби күнү кечинде саат 22:00дө (5-март) башталган. Бүгүнкү жолугушуу, Түркиянын Сирияга эл аралык мыйзамдарга…

Прочитайте больше

Иранда бүгүнкү күнү коронавирустун көрсөткүчү кандай?

Иранда бүгүнкү күнү коронавирустун көрсөткүчү кандай?

Өлкөдө 2394 бейтап COVID-19 вирусунан сакайды.  Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, ИИРдин Салматтыкты сактоо министрлигинин жалпы байланыштар жана маалыматтар борбору 2394 бейтап бул вирустан арылышканын жарыялады. Коомдук байланыштар жана Саламаттык сактоо жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Киянуш Жаханпор мындай деп билдирди: Акыркы 24 саатта 595 жаңы бейтаптын коронавирусу аныкталып, 19 бейтап көз жумган жана  учурда өлкөдө бул вирус менен катталгандардын саны 7161ге жетти. Ал ошондой эле  бүгүнкү күнгө чейин 237 бейтап бул вирустан жан беришкенин жана 2394ү…

Прочитайте больше

Кытай «COVID-19» вирусун «Ухань вирусу» деп атаган Помпеону сынга алды

Кытай «COVID-19» вирусун «Ухань вирусу» деп атаган Помпеону сынга алды

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жаңы коронавирусту «COVID-19» деп атаганын билдирип, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун ал вирусту «Ухань вирусу» деп атагандыгын сынга алды. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады. «Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун жаңы түрүн «COVID-19» деп расмий атаган. Аны «Ухандын коронавирусу» деп атоо илимге жана ДСУнун эскертүүлөрүнө карама-каршы келет. Биз аны айыптайбыз», – деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан. Буга чейин жекшимби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы…

Прочитайте больше