Америкада коронавирустун көрсөткүчү кандай?

Америкада коронавирустун көрсөткүчү кандай?

ЖМКалар АКШда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 1000ге жеткенин жана 31 адам көз жумганын маалымдашты.  Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШда коронавирус ылдамдык менен таралууда. Белгилей кетсек, акыркы 24 сааттын ичинде Америкада  296 жаңы бейтап бул вирус менен катталып, жалпы саны 1000ден ашкан. Берилген маалыматтарга караштуу, учурда 31 бейтап бул илдеттен сакайбастан көз жумган. Ал эми америкалыктарга коронавирустан сактануу үчүн төмөнкү кеңештер берилген: 1. Колду тез тез жууп туруу. 2. Колун бетине сүртпөө. 3. Оозду жаап жөтөлүү…

Прочитайте больше

Массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Бул чечим «Коомдук саламаттык сактоо жөнүнд» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана17-беренелерине ылайык, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын…

Прочитайте больше

Эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдөн жашырынып келген жарандар жоопкерчиликке тартылат

Эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдөн жашырынып келген жарандар жоопкерчиликке тартылат

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова АКШ өкмөтүнүн жугуштуу оорудан сактануу каражаттарын кабыл алуу иш-чарасынан соң, “Азаттык” радиосуна билдирди. Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келип, бирок анысын жашырып кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат: “Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырылат. Эгер адамдар билип туруп, атайын ошондой кадамга барса,…

Прочитайте больше

Иранда вице-президент менен эки министр коронавирус жуктуруп алды

Иранда вице-президент менен эки министр коронавирус жуктуруп алды

Ирандын Биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири жана министрлер кабинетиндеги эки министр COVID-19 вирусун жуктуруп алгандыгы маалымдалды. Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги жазды. “Fars News” агенттиги кечээ, 11-мартта коронавирус жуктуруп алган ирандык аткаминерлердин тизмегин жарыялады. Ал тизменин ичинде Ирандын Биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири, Мадиний мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Али Асгар Мунесан жана Өнөр жай жана соода министри Реза Рахмани бар. Маалыматка караганда, учурда Эсхак Жахангири карантинге алынып, дарыланууда. Билдирүүдө эки министр дагы карантинге алынып, абалдары  жакшырып калгандыгы айтылды.

Прочитайте больше

Ухань шаары демейки жашоого кайта баштады

Ухань шаары демейки жашоого кайта баштады

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус көзөмөлгө алынганына жана адамдардын кадимки жашоого акырындап кайтып баштаганына карабастан, Пекин аймакка сырттан киргендерди 14 күн карантинге алуу боюнча мыйзам бекитти. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Кытай өкмөтү коронавирус чыккан жана андан 3 миңден ашык жашоочусу каза болгон Хубей провинциясында айрым жумушчулар жана кызматкерлер иштеп башташканын жана бул бир нече аптага созулган карантинден кийин абалдын турукташып жатканынын белгиси деп билдирди.Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ухань шаарына барып кеткенден кийин бир күндөн кийин карантиндердин жарымы…

Прочитайте больше