Ибрахим алейхиссалам

Ибрахим алейхиссалам

Курани каримде ысымы билдирилген пайгамбарлардан, улулазм аты берилген алты пайгамбардан бири болуп, Калдани коомуна жиберилген. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан кийин пайгамбарлардын жана адамдардын эң үстөмү. Аллаху таала аны Халилим (досум) дегендиги үчүн Халилуллах же Халилуррахман болуп таанылат. Атасы момун болгон Тарух, энеси Амила. Ибрахим алейхиссалам Пайгамбарыбыздын аталарынан болуп саналат. Себеби, биринчи уулу Исмаил алейхиссалам араптардын, экинчи уулу Исхак алейхиссалам болсо исраилуулдарынын ата-бабасы болуп саналат. Калдани мамлекети болгон Вавилондун чыгыш тарабында жана Тигр менен Ефрат дарыяларынын арасындагы…

Прочитайте больше

ДСУ: Дүйнө жүзү боюнча бир күндө 11 миңден ашык адамга коронавирус жукту

ДСУ: Дүйнө жүзү боюнча бир күндө 11 миңден ашык адамга коронавирус жукту

Дүйнө жүзүндө бир күндүн ичинде 11 миң 562 адам коронавирус жуктуруп алышканы байкалды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бидиргенин «Sputnik News» агенттиги маалымдады.ДСУнун маалыматына ылайык, азыркы учурда дүйнөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 миң 112 адамды түзөт. Маалыматка ылайык, өткөн бир күндүн ичинде дүйнө жүзүндө 475 адам вирустан көз жумган. Ал эми ушул убакка чейин илдеттен каза тапкандардын саны 7426 адам. Мындан тышкары акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 7 өлкөдө катталды. Эскерте кетсек, өткөн…

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусу

Президент Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусу

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун толук тексти: «Урматтуу мекендештерим! Дүйнөлүк коомчулук менен бирге, биз дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн орчундуу сыноого туш келдик. Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да, бул илдетти жуктурган адамдар аныкталды. Мындай кырдаалда мамлекеттин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат. Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишет. Учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана элдин чогуу аракети талап кылынат. Мен баарыңыздарды…

Прочитайте больше

Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салынды

Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салынды

Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында КР тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. “Калктын саламаттыгын камсыздоо жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында чет өлкө жарандарына өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынды, – деди ал. Чектөө 19-марттан тарта күчүнө кирет. Ошол эле учурда кыргыз жарандары өлкөгө кире алышат жана чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыга кете алышат. Ал белгилегендей, бул тыюу салуу жүк ташуучу унааларга тиешеси болбойт.

Прочитайте больше

Ысык-Көлдө 3 адам карантинге алынды

Ысык-Көлдө 3 адам карантинге алынды

Ысык-Көл облусунда изолятордо 3 адам жатат. Алардын бирөө Сауд Арабиясынан, экөө Германиядан келген. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, үй карантининде 12 киши жатат. “Германиядан келген эки жаран изоляторго жаткысы келбегендиктен аларды мажбурлап жаткырууга туура келди”, – деди ал. Ал, алардын анализдери лабораторияга жөнөтүлгөнүн белгиледи. Эскерте кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Прочитайте больше