Мираж түнү

Ражаб айынын 27-түнү. Мираж “тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн.

Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле.

Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашта болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыят айтып, ыйманга чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаралап, азап көрсөтүшөт. Өздөрүнө Аллахтан рахмат болуп келген улуу элчи “үммөтү” тарабынан таш баран кылынган. Алардан үмүтүн үзүп, чарчап, көңүлү ооруп кайра кайтып келе жатканда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын буту жаракат алат. Зейддин башы кан болуп кетет. Ысык талаада, күч-кубатсыз абалда экөө жолдун четине барып отурушат. Ошол жердеги бактын ээси Рабиа уулдары бай Утба жана Шайба деген ага-ини Аддас деген кулу аркылуу аларга жүзүм берип жиберет.

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) жүзүмдү жеп жатып “бисмиллах” деп айтат. Аддас (радиаллаху анх) ал кезде христиан эле. Аны угуп таң калат. “Канча жылдан бери бул жердемин, эч кимден мындай сөздү уккан жок элем. Бул кандай сөз?” – деп сурайт. Расулуллах: “Сен кайдан болосуң?” – дейт, Аддас: “Ниневаданмын”, – деп жооп берет.

Расулуллах: “Юнус алейхиссаламдын элинен турбайсыңбы?” – дейт. Аддас: “Сен Юнусту кайдан тааныйсың? Аны бул жерде эч ким билбейт”, – дейт. Расулуллах: “Ал менин бир боорум. Ал да мен сыяктуу пайгамбар болгон”, – дейт. Аддас: “Бул жылуу жүздүү, таттуу сөздүү адамдын калп айтуусу мүмкүн эмес. Мен сенин Аллахтын Расулу экендигиңе ишендим”, – деп мусулман болот. Анан: “Эй, Расулуллах! Канчалаган жылдар бою мына бул заалымдарга, жалганчыларга кулчулук кылып келем. Кожоюндарым элдин акысын жеп, аларды алдайт. Эч кандай жакшы касиеттери жок. Дүнүйөлүк жыйноо, кумарларын кандыруу үчүн эч кандай жамандыктан кайтышпайт. Аларды жек көрөм. Сиз менен бирге кетип, сизге кызмат кылып, акмактардын сизге карата урматсыздыктарына көкүрөгүмдү тоскум жана сизди жахилдердин зыяндарынан коргогум келет”, – дейт.

Расулуллах жылмайып: “Азырынча кожоюндарыңдын жанында кала тур! Көп убакыт өтпөй ысымымды ар жерде уга баштайсың. Ошол кезде жаныма кел”, – деп айтат. Кийин бир аз тыныгып, жаракаттарын таңат. Меккеге карай Зейд менен бирге жолго түшөт. Караңгы түшкөндө шаарга кирип барышат.

Ошол кездерде бир нече ай Меккеде мусулмандар үчүн эң оор замандар башталып, туш тарап душмандарга толгон эле. Бара турган жерлери да жок болчу. Ааламдарга рахмат кылып жиберилген Пайгамбар алейхиссалам агасы Абуталибдин кызы Умму-Ханинин үйүнө барат. Умму-Хани ал кездерде ыйманга келе элек болчу.

– Бул ким? – деп сурайт Умму-Хани.

– Агаңдын баласы Мухаммедмин (саллаллаху алейхи ва саллам). Конок болуп келдим,- дейт Расулуллах.

– Сиз сыяктуу туура сөздүү, ишенимдүү асыл конок үчүн жаныбыз курман болсун. Бирок, келе тургандыгыңызды алдын ала кабар бергениңизде бир нерсе бышырып коёр элем. Азыр бере турган эч нерсем жок – дейт Умму-Хани.

– Көңүлүмө эч нерсе чаппай турат, эч нерсе ичпейм. Раббиме ибадат кылууга, жалбарууга бир орун болсо жетет, – дейт Расулуллах.

Умму-Хани Расулуллахты ичкери киргизип, ага төшөк, чылапчын жана кумган берет. Келген конокту сыйлоо, аны душмандардан коргоо араптар үчүн эң жогорку милдет эле. Үйүндөгү конокко зыян тийсе үй ээси үчүн бул өтө чоң уят, шерменделик деп саналчу эле. Умму-Хани: “Мунун Меккеде душмандары көп, жада калса, өлтүрөйүн деп жүргөндөр да бар. Аны коргоо үчүн таңга чейин үйдүн тегерегин көзөмөлдөп, кайтарайын”, – деп ойлоп, атасынын кылычын колго алып үйдүн айланасын тынымсыз көзөмөлдөйт.

Расулуллахтын ошол күнү көңүлү өтө ооруган эле. Даарат алып, Раббине жалбарып, кечирим сурап, кулдарынын ыйман келтирүүсү, түбөлүк бакытка ээ болуулары үчүн дубаларды окуй баштайт. Өтө чарчаган, курсагы ачка, кайгылуу эле. Төшөктүн үстүнө жатып, уктап калат. Ошол кезде Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: “Сүйүктүү Пайгамбарымды катуу таарынттым. Ушуга карабай, дагы да Мага жалбарып жатат. Менден башка эч нерсени ойлобойт. Бар, сүйүктүүмдү алып кел! Бейишти, Тозокту көрсөт. Анын өзүнө жана аны сүйгөндөргө даярдалган ниматтарымды көрсүн, ага ишенбегендерге, аны таарынткандарга даярдалган азаптарымды көрсүн. Анын көңүлүн көтөрөмүн. Анын назик көңүлүнүн жарасын мен айыктырам”, – дейт. Жабраил алейхиссалам бир заматта Расулуллахтын жанына келет. Ал таттуу уйкуда жаткан эле. Түртүп ойготууга батына албады. Ал адам сүрөтүндө келген эле. Расулуллахтын бутунун астын өөп ойготот. Пайгамбарыбыз “саллаллаху алейхи ва саллам” Жабраил алейхиссаламды таанып: “Эй, Жабраил бир боорум! Беймезгил убакытта эмнеге келдиң? Же болбосо, ката кетирип, Раббимди таарынттымбы? Мага жаман кабар алып келдиңби?” – деп сурайт. Жабраил: “Эй, бардык жаратылгандардын эң жогорусу! Раббиң сага саламын жолдоду. Эч бир пайгамбарына бербеген ниматын сага берди. Ал сени чакырды, тур, кетебиз”, – дейт. Ошентип, экөө Каабанын жанына барышты. Ошол жерде бирөө келип, Пайгамбарыбыздын көкүрөгүн жарып, жүрөгүн чыгарды. Аны замзам суусу менен жууп, кайра ордуна койду. Анан Бейиштен келген Бурак деп аталган ак түстүү жаныбарга минип, бир заматта Кудустагы (Иеруссалим) Масжиди Аксага келди. Жабраил алейхиссалам чоң ташты бармагы менен тешип, Буракты ошол жерге байлады. Өткөн пайгамбарлардын кээ бирлеринин рухтары адам сүрөтүндө ошол жерге жыйналышкан болчу. Жамаат болуп намаз окуу үчүн Адам, Нух, Ибрахим пайгамбарлардан имам болууларын кезек менен сурады. Алардын эч бирөөсү кабыл кылбады, кечирим сурап, айыптуу экендиктерин айтышты. Жабраил алейхиссалам Аллахтын сүйүктүүсүн алдыга тартты: “Сен бар кезде башка адам имам боло албайт”, – деп айтты. Намаздан кийин мечиттен чыгып, белгизиз бир Мираж (көтөрүлүү) менен бир заматта жети кат асмандан өттү. Ар бир кат асманда бир улуу пайгамбарды көрдү. Жабраил алейхиссалам Сидрада калды: “Эми илгери жүрсөм күйүп, жок боломун”, – дейт. Сидратул Мунтаха – алтынчы кат асмандагы чоң дарак. Расулуллах Бейишти, Тозокту, дагы башка жерлерди көрүп, “рафраф” деген Бейиштин килемине отуруп, күрсү, арш жана рух ааламдарынан өтүп, айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир абалда Аллаху таала каалаган бийиктиктирге көтөрүлдү. Мекенсиз, убакытсыз, багытсыз, сыпатсыз түрдө Аллаху тааланы көрдү. Көзсүз, кулаксыз, багытсыз, ортоксуз Рабби менен сүйлөштү. Анан бир заматта Кудуска, ал жерден Меккеге Умму-Ханинин үйүнө келди. Жаткан жери дагы эле жылуу, идиштеги даарат суусу дагы эле кыймылдап турган эле. Сыртта жүргөн Умму-Хани уктап калган болчу. Ал эч нерсени сезген жок эле. Эртең менен туруп, Каабанын жанына барып, Мираж тууралуу айтып берет. Аны уккан капырлар аны мазакташып: “Мухаммед акылынан адашыптыр”, – деп айтышты. Мусулман болууга ниеттенип жүргөндөр да бул ниеттеринен кайтышты.

Суроо: Мираж түнүн кантип өткөрүү керек

ЖООП

Мираж түнүн ибадат менен, күндүзүн болсо орозо менен өткөрүү керек. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай:

“Мираж түнү жакшы амал кылган үчүн жүз жылдык сыйлык бар.” [И.Газали]

“Ражабдын 27.күнү орозо кармаганга 60 жылдык орозо сообу берилет.” [И.Газали]

Жума күнү жалгыз кылып бир күн орозо кармоо кээ бир аалымдардын пикиринче махрух. Ишемби күнү орозо кармоо болсо бардык аалымдардын пикирлери боюнча макрух болгондуктан бул мубарек күн Жумага туш келгенде орозону Бейшемби же Ишемби күндөрү менен бирге кармоо жакшы болот. Ишемби күнүнө дал келип кала турган болсо Жума менен Ишемби же Ишемби менен Жекшемби күнүн кошуп кармоо керек.

Бул түнү каза намаздарды окуу керек, Курани карим окуп, дуба, тообо истигфар кылып, садага берип мусулмандарды кубантып, булардын соопторун өлгөндөрүнө багыштоо керек!

Дайыма туура ыйман ээси болууга, фарздарды аткарып, харамдардан качууга, тообо кылып, фарз карыздарын өтөөгө аракет кылуу керек! Булардын бардыгын аткаруу илим үйрөнүү менен болот. Илмихал маалыматтары эң баалуу илим болуп эсептелет. Хадиси шарифте айтылды:

“Түнү бир маал илим менен алектенүү түнү бою таңга чейин ибадат кылуудан баалуу.” [Абу Нуайм]

Комментарий жиберүү