Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 60ка жетти. Алардын 31и Нур-Султанда, 25и Алматыда, экөө Караганда шаарында, бирөө Актөбө жана бирөө Алматы облустарында катталды. Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 45ке жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, төрт жаңы учур карантинде жаткан адамдарда аныкталган. 22-марттагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 14. Алардын ичинен алтоо эркек, сегизи аял. Булар менен байланышта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынган….

Прочитайте больше

Италияда COVID-19 вирусунан 5500 бейтап көз жумду

Италияда COVID-19 вирусунан 5500 бейтап көз жумду

Италиянын өкмөттүк маалымат каражаты 22-мартта саат 21:00дө корона вирусунун курмандыктары 5500гө жеткенин кабарлады. TASNIM News агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Италияда 651 бейтап көз жумган. Берилген маалыматтарга караштуу, акыркы суткада бул вируска чалдыккан жаңы бейтаптардын саны 5560ка жетип,  бардыгы болуп 59 миңди түзгөн. Белгилей кетсек,  мындай көрсөткүч менен Италия дүйнө жүзү боюнча коронавирус эң көп тараган өлкө болуп, вирус алгач чыккан Ухандан да озду. Учурда өлүмдөр боюнча Италия Уханга салыштырмалуу 68% жогору.

Прочитайте больше

Спутник: Меркель карантинге алынды

Спутник: Меркель карантинге алынды

Германиянын канцлери карантинге түштү. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык,  Германия өкмөтү билдирүү жасап, канцлер Ангела Меркель карантинге алынганын жарыялады. Белгилей кетсек, канцлердин карантинге алынганынын себеби,  анын жеке дарыгери короновируска чалдыкканы белгилүү болгон. Берилген маалыматтарга караштуу, мындай чечим Меркелдин жеке дарыгеринин коронавируска тапшырган анализи оң чыгаар замат кабыл алынган. Германия учурда корона вирусу эң көп жайылган Европа өлкөлөрдүн тизмегине кирген.

Прочитайте больше

Америкада коронавирустандагы 94 адам көз жумду

Америкада коронавирустандагы 94 адам көз жумду

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын саламаттыкты сактоо министрлиги жекшемби күнү акыркы 24 сааттын ичинде 13 миң 931 адам коронавирусту жуктуруп алганы аныкталганын жана 94 адам илдеттен улам көз жумганын билдирди. Ошентип, маалыматка ылайык, Америкада аталган илдетти жуктуруп алгандардын саны 38 миң 138ге жетти жана жалпы 396 адам каза тапты. Өлкө президенти Дональд Трамп Америкада коронавирус боюнча абал абдан “жаман”  деп билдирди. Азыркы учурда АКШнын 50 штатында коронавирус катталган.

Прочитайте больше