Америкада коронавирустандагы 94 адам көз жумду

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын саламаттыкты сактоо министрлиги жекшемби күнү акыркы 24 сааттын ичинде 13 миң 931 адам коронавирусту жуктуруп алганы аныкталганын жана 94 адам илдеттен улам көз жумганын билдирди.

Ошентип, маалыматка ылайык, Америкада аталган илдетти жуктуруп алгандардын саны 38 миң 138ге жетти жана жалпы 396 адам каза тапты.

Өлкө президенти Дональд Трамп Америкада коронавирус боюнча абал абдан “жаман”  деп билдирди.

Азыркы учурда АКШнын 50 штатында коронавирус катталган.

Комментарий жиберүү