Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 60ка жетти.

Алардын 31и Нур-Султанда, 25и Алматыда, экөө Караганда шаарында, бирөө Актөбө жана бирөө Алматы облустарында катталды.

Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 45ке жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, төрт жаңы учур карантинде жаткан адамдарда аныкталган.

22-марттагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 14. Алардын ичинен алтоо эркек, сегизи аял. Булар менен байланышта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынган.

22-мартка карата дүйнөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны дээрлик 308 миңге жетти. 13 миңден ашык адам каза болсо, 96 миңге жакыны сакайып чыкты.

Комментарий жиберүү