Италияда COVID-19 вирусунан 5500 бейтап көз жумду

Италиянын өкмөттүк маалымат каражаты 22-мартта саат 21:00дө корона вирусунун курмандыктары 5500гө жеткенин кабарлады.

TASNIM News агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Италияда 651 бейтап көз жумган.

Берилген маалыматтарга караштуу, акыркы суткада бул вируска чалдыккан жаңы бейтаптардын саны 5560ка жетип,  бардыгы болуп 59 миңди түзгөн.

Белгилей кетсек,  мындай көрсөткүч менен Италия дүйнө жүзү боюнча коронавирус эң көп тараган өлкө болуп, вирус алгач чыккан Ухандан да озду. Учурда өлүмдөр боюнча Италия Уханга салыштырмалуу 68% жогору.

Комментарий жиберүү