Иранда бир суткада коронавирусту 1700дөн ашуун адам жуктурду

Иранда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус жуктурган 1700дөн ашуун учур катталып, ооругандардын жалпы саны 24 811ге жетти.

Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги Ирандын Саламаттык сактоо минисрлигинин маалыматына шилтеме берип жазды.

23-мартка карата Иранда вируска кабылгандардын саны 23 049га жетип, 1812 адам көз жумгандыгы маалымдалган. Маалыматка караганда, Ирандын 19 провинциясында коронавирус белгилери бар деп шек жаралган 8 миңден ашуун адам аныкталган. Коронавирус дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнө жетип, илдетке кеминде 350 миңдей киши  чалдыкты. Азыркы тапка чейин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жаны вирустан көз жумгандардын саны 15 миңден ашты.

Комментарий жиберүү