Нью-Йорк штатында “Корона” вирусун жуктургандардын саны 20 миңден ашты

Нью-Йорк штатынын губернатору COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны көбөйгөнүн билдирди.

Бул тууралуу TASNIM агенттиги  NBC каналына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Американын Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо 23-мартта пресс-конференцияда берген маалыматында штатта корона вирусунун таралуусу боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, акыркы 24 сааттын ичинде жаңы 5000 миң учур катталып,  бардыгы болуп коронавирус менен жаткырылгандардын саны 20000ге жеткен.

Бул бейтаптардын 13% ооруканаларда атайын көзөмөлдө болушса, төрттөн бир бөлүгү бейтап ICU бөлүмүнө жаткырылышкан.

Нью-Йорк штатынын губернатору жакын арада бул маселе чечилбей турганын билдирип мындай деди: Бул кырдаал барган сайын кыйындап жатат жана келээрки 2 аптада силрге сүйүнчүлөй тургандай чечилип калбайт.

Комментарий жиберүү