Помпеонун Ооганстандан тыянаксыз кайтышы

Американын Мамлекеттик катчысынын Кабулга болгон сапары тыянакс ыз аяктады.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Майк Помпео 23-мартта Кабулга сапар тартып, Ооганстан өкмөтүнүн жетекчилери менен жолугушкан.
Берилген маалыматтарга караштуу, жолугушуулар тыянаксыз болгон соң, Вашингтон Кабулга бере турган жардамдарын токтотоорун билдирген.
Белгилей кетсек, Майк Помпео Америка менен талибандардын тынчтык келишимин жүзөгө ашыруу жана Абдуллах Абдуллах менен Ашраф Ганинин саясий тирешүүлөрүн чечүү максатында  Кабулга сапар тарткан.
Помпео бул сапарында Абдуллах Абдуллах жана Ашраф Гани менен өз өзүнчө жолугушуу өткөргөн, бирок жолугушуулар натыйжасыз аяктаган.
 Ал эми Американын Мамлекеттик катчысынын жетекчиси жолугушуулардан соң, Кабулдан чыгып кетип, Ооган жетекчилерине коркутуу маанайында билдирүү жасаган.

Америка ТИМнин маалымат каражаты бул тууралуу билдирип, Абдуллах Абдуллах жана Ашраф Гани менен өткөн жолугушуулардын тыянаксыз натыйжасы Американын улуттук кызыкчылыктарына доо келтирээрин жана Вашингтон Кабулга сөз берген 1 млрд. доллардык жардамын токтотоорун жарыялаган.

Комментарий жиберүү