Сауд Аравиянын Йеменге жасаган 5 жылдык согушу

Сауд Аравия коалициясы жетектеген Йемен согушунан 16 миңден ашуун жаран курман болду.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, бул согуштан 16 миңден ашуун адамдар курман болушса, 25 миңи жаракат алышкан.
Йемендин укуктар боюнча борборунун билдирүүсүндө, 2015-жылы башталган согуштан 41 миңден ашуун тургундар курман болушкан жана жаракат алышкан.

Бул билдирүүдө беш жылдык согуштун кесепетинен 14 порт, 2700 чоң жолдор менен көпүрөлөр, 193 ГЭС, 793 суу булактары менен каналдары кыйратылып,  400 миң үй турактар талкаланганы айтылган.

Берилген маалыматтарга караштуу, бул согушта коалиция Йеменге болгон чабуулдарында тыюу салынган ар кандай курал-жарактар менен кластердик бомбалардан пайдаланышкан.

Эске салсак, Сауд Аравия жетектеген Йемен согушу 2015-жылы 26-мартта башталган.

Комментарий жиберүү