Америкада коронавирустун курмандыктары 600дөн ашты

Америкада 49300 адам COVID-19 вирусун жуктурду.

TASNIM News агенттигинин маалыматына ылайык,  америкалык ЖМКалар өлкөдө корона илдетинен көз жумгандардын саны 600дөн ашканын маалымдашты.

Белгилей кетсек, Американын Джонс Хопкинс ЖОЖунун COVID-19 вирусу боюнча маалымат чогултуу борбору бул илдеттин таралуусу тууралуу маалымат жарыялаган.
 

Борбордун билдирүүсү боюнча, 24-мартта жергиликтүү саат 12:30да корона вирусунан жан бергендердин саны 616 бейтапты түзгөн.

Учурда өлкөдө бардыгы болуп бул илдетке чалдыккандардын саны 49300гө жетип, акыркы 1 сутканын ичинде эле өлкөнүн ар кандай штаттарынан 5500 жаңы бейтап кошулган.

Берилген маалыматтарга караштуу, бул көрсөткүчтөрдүн жарымынан көбү Нью-Йорк штатына тиешелүү болгон.

Комментарий жиберүү