Кыргызстанда коронавирус жуккандагы эки учур катталды

25-март, саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган эки жаӊы учур катталды.

Экөө тең эркек.

Бири 60 жашта, ал Испаниядан учуп келген аялды аэропорттон тосуп алган. Контакт болгону үчүн андан да анализ алынган.

Экинчиси 35те. Ал Дубай шаарынан 20-мартта учуп келген.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 болду.

Ош облусунда 20 учур, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир учур.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек. (RK)

Комментарий жиберүү