Орусиянын ТИМ башчысы АКШны Иранга салынган санкцияларды токтоосуз алып салууга чакырды

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ирандык кесиптеши Мухаммад Жавад Зариф  менен телефондон сүйлөшүп, Вашингтонду коронавируска каршы күрөшүүгө тоскоолдук жаратып жаткан Иранга каршы киргизилген санкцияларды токтоосуз алып салууга чакырды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы абалды, коронавирус пандемиясы менен байланышкан маселелерди, айрыкча Ирандын коронавируска каршы күрөшүүдөгү аракеттери, Ооганстанда болуп жаткан саясий окуяларды, эл аралык коомчулуктун АКШнын ар кайсы өлкөлөргө салган бир тараптуу санкцияларына каршы туруу аракеттерди талкуулашты. “Орусия Американы коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө тоскоолдук жаратып жаткан Иранга каршы салынган санкцияларды токтоосуз алып салууга чакырат”, – деп баса белгиледи Лавров.

“Fars News” агенттиги маалымдагандай, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф коронавирустун жайылышына байланыштуу кээ бир өлкөлөрдүн ТИМ башчылары менен телефондон сүйлөшүп, аларды АКШнын Иранга каршы санкцияларын сактабоого чакырган.  Ал буга чейин Франция, Индонезия, Швеция, Түштүк Африка, Британия, Орусия, Кытай, Сербия, Хорватия, Пакистан, Азербайжан, Австрия, Норвегия, Кения, Нигерия, Болгариянын тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел менен сүйлөшкөн.

Зариф 19-мартта да БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кат жөнөтүп, анын көчүрмөсүн эл аралык уюмдардын жетекчилерине жана бардык өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине да жолдоп, коронавируска каршы күрөшүү үчүн АКШнын Иранга каршы бир тараптуу санкциялары алынып салынышы керектигин баса белгилеген.

Комментарий жиберүү