Трамп Түштүк Кореядан коронавирус менен күрөшүү үчүн жардам сурады

Түштүк Корея өзү дагы коронавирус менен күрөшүп жатканына карабастан, Американын президенти бул өлкөдөн жардам сурады.

Бүгүн, шаршемби күнү Американын президенти Дональд Трамп Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инден коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам берүүсүн сурады. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.

“Reuters” агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Кореянын президентинин аппараты билдирүү жасап, Трамп кесиптеши менен телефондо сүйлөшүүсүндө Сеул коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам бере турган болсо, Вашингтон дагы Түштүк Кореялык компанияларга АКШнын азык-түлүк жана дары-дармектерин алууларын жеңилдетерин билдиргенин маалымдады.

Түштүк Кореянын президенти кесиптешине ашыкча медициналык жабдуулар боло турган болсо, Америкага жардам берише турганын айткан.
Азыркы учурда Америкада илдетке чалдыккандардын саны өсүп жаткандыктан, диагностикалык жабдуулардын жетишсиздигине дуушар болушууда.

АКШ шейшемби күнү өлкөдө илдетти жуктурган жаңы 8666 учур катталып, жалпы вируска чалдыккандардын саны 52400гө жеткенин билдирген. Мындан тышкары, коронавирустан дагы 120 адам каза тапканын жана курмандыктардын саны 673гө жеткенин маалымдалган эле.

Комментарий жиберүү